Тарыхый-документалдуу «Тарыхый далилдердин негизинде жаралган Кыргызстандын космостук кубулушу» Кыргыз ССРинин тарыхынын космос мейкиндигин изилдөө менен байланышкан маанилүү барагын ачып берет. Көргөзмөнүн автору – Тарыхчы-маданий мурас борборунун директору Леонид Сумароков. 1960–1980-жылдарда Республика СССРдин космостук долбоорлоруна активдуу катышты. Кыргызстанда аскердик учкучтарды даярдоо активдүү жүрүп, алардын бир нечеси учкуч-космонавт болушкан. Бул жерде космостук техниканы енуктуруунун маанилуу багыты тузулду – космос мейкиндигин изилдее учун илимий приборлорду тузуу. Приборлордун иштелип чыккан улгулеру Айды, Венераны жана Марсты изилдееде советтик космос кораблдеринде эффективдуу пайдаланылган. Кыргыз ССР илимдер академиясынын жана СССР илимдер академиясынын космостук изилдеелер институтунун атайын конструктордук бюросунун кызматкерлери тарабынан иштелип чыккан жана жасалган приборлор жана башка буюмдар советтик илимге космос мейкиндигин изилдееде эц сонун ийгиликтерге жетишууге мумкундук берди. Кыргызстандын космостук феномени ага биринчи кезекте ЕАЭБ алкагында эл аралык космостук программаларга катышуу келечегин кароого укук берет.
Көргөзмө 2026-жылдын 9-апрелинде Бишкекте Эркиндик бульварында ачылган