Терапевтикалык стоматология кафедрасынын ага окутуучусу Азира Азисовна Субанова билим берүүнү, илимди, спортту жана маданиятты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн II даражадагы диплом жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин "100 ЖАҢЫ АДАМ - 2022" төш медалы менен сыйланган. Сыйлык тапшыруу аземи 2022-жылдын 23-декабрында Астанада Казакстан Республикасынын "Бобек" улуттук кыймылы тарабынан уюштурулган сынактын алкагында өттү.