КРСУ колледжинде 2-декабрда DS-1-24 жана DO-1-24 топторунда «Манас таануу » дисциплинасынын мугалими А.Р.Галимова Манас күнүнө арналган викторина өткөрдү: «Манастын образдары жана идеялары аркылуу улуттук өзгөчөлүктү түшүнүү.».
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер суроолорго активдүү жооп берип, талкууларга катышып, эпоско жана анын улуттук маданият үчүн маанисине терең кызыгуу көрсөтүп, чыгармачылык баяндамаларды жасашты.
Викторинанын жыйынтыгы боюнча теменкулер жеңүүчү болушту:
🏆 Таирбек кызы Ажар (ДО-1-24 тобу)
🏆 Власова Кристина (DS-1-24 тобу)