Бүгүн, 21-январда дүйнө эл аралык аспиранттар күнүн – илимий ачылыштардын жана инновациялардын башында турган жаш окумуштууларга арналган майрам катары белгилейт. Аспиранттар илимди, билимди жана технологияны өнүктүрүүдө маанилүү роль ойноп, келечектеги прогресстин пайдубалын түзүшөт.
Кыргыз-Орус Славян университети илимий изилдөөлөргө активдүү катышып, алдыңкы басылмаларда чыгып, эл аралык конференцияларда университеттин атынан чыгып жаткан аспиранттары менен сыймыктанат.
Бардык аспиранттарга эмгеги, туруктуулугу жана илимди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бул күн алардын ишинин маанилүүлүгүн эскертип, жаңы бийиктиктерге жетүү үчүн дем болсун!
Майрамыңыздар менен, урматтуу аспиранттар!