22-июнда өлкөбүздүн тарыхындагы маанилүү жана кайгылуу датаны — Эскерүү жана кайгы күнүн, Улуу Ата Мекендик согуштун башталган күнүн белгилейбиз. Бул күнү биз өз Мекенин коргоого келгендерди, согуш жылдарында болуп көрбөгөндөй эрдик жана туруктуулукту көрсөткөндөрдү эскеребиз.
Биздин университеттин студенттери, «Издөө 41-45» кыймылынын катышуучулары КРСУнун ректорунун тарыхый-маданий мурастар боюнча кеңешчиси Леонид Сумароковдун жетекчилиги астында мекендештерибиздин эрдиктерин эскерүү үчүн чоң иштерди жасашты. Алар Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына арналган даректүү тасмаларды жаратышкан, алардын арасында кыргызстандыктар да көп болгон. Бул фильмдер бейпил келечек учун салгылашкан ата-бабаларыбыздын эрдиги, баатырдыгы, жан аябастыгы женунде баяндайт.
Биз студенттерибиз менен сыймыктанабыз жана бардыгын алардын эмгектери менен таанышууга чакырабыз:
- [Экинчи дүйнөлүк согуштун баатырлары - кыргызстандыктар жөнүндө даректүү тасма (1-бөлүк)](https://youtu.be/0SJ4aSnFFxA?si=R7eDxMZ8s0yCYJ9Q) - [Экинчи дүйнөлүк согуштун баатырлары - кыргызстандыктар жөнүндө даректүү тасма (2-бөлүк)](https://youtu.be/8vanGCvBGSI?si=jkrTaOOvd37Xmkpd)
Бул тасмалар ата-бабаларыбыздын эрдигин эскерүүбүз жандуу экенин, аны муундан муунга өткөрүп беришибиз керектигин эскертип турсун.
Баатырларга түбөлүк эстелик!