КРСУ колледжинин абитуриенттери чыгармачылык тандоодон өтүштү

КРСУ колледжинин абитуриенттери чыгармачылык тандоодон өтүштү

17 июль 2026

Бөлүшүү:

Кыргыз-Россия Славян университетинин Колледжи абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи турунун алкагында чыгармачылык кирүү сыноолорун өткөрдү. «Графикалык дизайн» жана «Экологиялык дизайн адистигине тапшыргандар композиция боюнча тапшырмаларды аткарышты. «Design Office» абитуриенттери үчүн сүрөт тести каралган.

Экзамендер абитуриенттердин чыгармачылыгын, көркөм ой жүгүртүүсүн, композиция сезимин жана даярдык деңгээлин баалоого мүмкүндүк берди. Абитуриенттер сунушталган тапшырмаларды ийгиликтүү аткарып, тандалган багыттарга кызыгуусун көрсөтүштү.

Чыгармачылык адистиктерге абитуриенттер үчүн кирүү тесттеринин экинчи туру 23-июлда өтөт.
Артка кайтуу