КРСУнун соттук медицина кафедрасынын башчысы Нурлан Исмаилов Москвада өткөн "Соттук медицинанын жана эксперттик практиканын актуалдуу маселелери – 2024" XI Эл аралык конгрессине катышты.
Исмаилов Нурлан медициналык-криминалистикалык изилдөөлөр секциясынын алкагында "Чыңгыз хандын мүрзөсүн эмпирикалык аныктоонун негизи катары соттук-медициналык белгилердин жана тарыхый-археологиялык маалыматтардын салыштырма ыкмасы" деген доклад менен чыкты. Анын изилдөөлөрү конгресстин катышуучуларынын арасында чоң кызыгууну жаратты.
Иш-чарага Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Беларусь Республикасы сыяктуу түрдүү өлкөлөрдүн окумуштуулары катышты. Бул конгресс соттук медицина жана эксперттик практика жаатында тажрыйба жана жаңы илимий изилдөөлөр менен алмашуу үчүн маанилүү окуя болду.