Индиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги Кыргыз-Орус Славян университетине 200 китеп белек кылды. Басылмалар 2023-жылдын күзүндө ачылышы пландалган КРСУдагы Индия борборунун китепканасына арналган.
Жалпысынан Индия элчилигинин аркасында жаңы Борбордун китепканасы 400гө жакын аталыш менен толукталат – булар Индиянын искусствосу, маданияты, илими, көрүнүктүү инсандар ж.б.у.с. китептер.