3-март – Кыргызстандын Мамлекеттик туу күнү
2010-жылдан бери Кыргыз Республикасында 3-март Мамлекеттик туу күнү белгиленип келет. Бул майрам өлкөнүн көз карандысыздыгын, эгемендигин жана биримдигин билдирет.
Дал ушул күнү 1992-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши мамлекеттик желекти бекитип, ошондон бери мамлекеттин маанилүү символуна айланган. 2009-жылы президенттин жарлыгы менен майрам расмий белгиленип, 2010-жылдан тарта өлкө боюнча жыл сайын белгиленип келет.
Кыргызстандын желеги – - 40 нурлуу күндүн сүрөтү түшүрүлгөн кызыл панно, анын ортосунда улуттук тундюк жайгашкан. Кызыл түс эрдикти жана кайраттуулукту, күн – тынчтыкты жана байлыкты, ал эми тундюк – элдин биримдигин билдирет.