Эл аралык билим берүү жана патриоттук иш-чаранын алкагында КРСУда Жеңиш диктанты өттү. Бул иш-чарага өлкөнүн тургундары бешинчи жыл катары менен катыша алат. Ар бир адам диктант жаза алат жана бул үчүн 29 сайт уюштурулган.
Акция эки күнгө созулуп, быйыл жаңы форматта уюштурулду. Суроолордун блокторунун бири кыргызстандыктардын фашизмди жеңүүгө кошкон салымына арналды. Диктантты Кыргызстанда координациялоону Россотрудничествонун өкүлчүлүгү жана «Жеңиш ыктыярчылары Кыргыз Республикасынын кыймылы ишке ашырган.
Быйыл акцияга катышууну каалагандардын рекорддук саны катталды.