Жаштар саясаты борборунун директору Полад Сулейманов Орусиянын Ички иштер министрлигинен «Милицияда кызмат өтөгөндүгү үчүн коомдук медаль менен сыйланды. Сыйлык тапшыруу аземи Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында өттү.
Полад Сулейманов кылмыштын бетин ачууга кошкон зор салымы, жогорку кесипкөйлүгү жана мамлекеттер аралык кызматташтыкты чыңдагандыгы үчүн өзгөчөлөндү. Бул сыйлык анын Кыргызстан менен Орусиянын укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруудагы сиңирген эмгегин баса белгилейт.
Сыйлык тапшыруу аземи салтанаттуу кырдаалда өтүп, Ички иштер министрлигинин мааракесине арналган иш-чаранын бардык катышуучулары үчүн маанилүү окуя болуп калды.