КРСУнун Тарыхый жана маданий мурастар борборунун директору Леонид Сумароковдун Sputnik Кыргызстан үчүн маеги жарыяланды.
Сүйлөшүүдө тарыхый эстутумга, Улуу Ата Мекендик согуштун окуяларын түшүнүүгө жана жалпы тарыхый контекстте Борбордук Азиянын ролуна байланыштуу негизги темалар козголот. Өткөндү изилдөөгө илимий мамиленин маанилүүлүгүнө, тарыхтын объективдүү картинасын сактоо жана анын бурмаланышына каршы туруу үчүн тарыхчылардын жана окуу жайларынын жоопкерчилигине өзгөчө көңүл бурулат.
Интервьюда тарых формалдуу эмес, коомдук жана маданий диалогдун жандуу бөлүгү катары каралуучу университет катары КРСУнун эксперттик ролу баса белгиленет.
Маектин толук версиясын шилтемеден көрүңүз.