2024-жылдын 25-октябрында КРСУнун юридикалык факультетинде мамлекет жана укуктун теориясы жана тарыхы кафедрасы тарабынан уюштурулган конок лекциясы болуп өттү. Лекцияны Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борборунун эл аралык кызматташтык жана билим берүү программалары секторунун башчысы Айжан Сурановна Бегимкулова алып барды.
Сөздүн темасы «Дин жана дин эркиндиги адам укуктары катары » жана «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы секуляризм принциби» маселелерин камтыды. Айжан Сурановна дин тутуу эркиндигинин негизги аспектилерин кеңири чагылдырып, анын кепилдиктерин Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 18-беренесине жана башка эл аралык документтерге баса белгиледи. Мамлекеттик башкарууда секуляризм принцибин сактоонун мисалдары да каралды.