Бүгүн Дүйнөлүк тилдер институту Финляндиядан келген конокторду кабыл алды. Кыргызстанга Хельсинки университетинин делегациясы көп тилдүүлүктү изилдөө үчүн келген. Делегациянын курамына дунган жана уйгур тилдерин, ошондой эле эки тилдүү чөйрөдө тилдерди сактоо маселелерин изилдеген профессорлор жана студенттер кирди. Алар кыргыз жана корей тилдерине өзгөчө көңүл бурушат.
Иш сапардын алкагында Хельсинки университетинин өкүлдөрү Дүйнөлүк тилдер институтунун студенттерине илимий иштери жана сапардын максаттары тууралуу айтып беришти. Жолугушуунун жүрүшүндө студенттерибиз тажрыйбалары менен бөлүшүп, кызыккан суроолорун берип, ар тараптуу жоопторду алышты.