29-мартта саат 10:00дө КРСУнун башкы имаратында Ачык эшиктер күнү өтүп, анда иш-чаранын атайын коногу атактуу блогер, саякатчы жана университетибиздин мурдагы студенти Адилет Ногойбаев болмокчу.
Адилет – - ондогон өлкөлөрдү кыдырып, өзүнүн жаркын таасирлери жана пайдалуу кеңештери менен социалдык тармактарда бөлүшкөн адам. Бирок, көп саякаттарына карабай КРСУдагы студенттик жылдарын дайыма жылуу сезим менен эскерет.
Иш-чаранын коноктору Адилет менен жеке таанышууга, анын шыктандыруучу жоруктары менен таанышууга, суроолорду берүүгө жана студенттик жашоо тууралуу кызыктуу окуяларды угууга уникалдуу мүмкүнчүлүк алышат.
Саякатка болгон ышкысын жашоо образына айландыра алган адам менен мотивация алуу жана баарлашуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!
Сиздерди 29-мартта саат 10:00дө КРСУнун башкы корпусунда күтөбүз.