Медицина факультетинин командасы КРСУнун спартакиадасынын алкагында футбол боюнча турнирди жеңип алды

Медицина факультетинин командасы КРСУнун спартакиадасынын алкагында футбол боюнча турнирди жеңип алды

25 октябрь 2023

Категория: Студенттик жашоо

Бөлүшүү:

КРСУнун студенттик спартакиадасынын алкагында футбол боюнча мелдештер аяктады. Мелдештин жеңүүчүсү болуп медицина факультетинин командасы табылды.

Команданын курамы:

Муххамади Мухтарбеков

Аля`a Aldin Hathem Yusef Alhavamleh

Абдул Алим Буваза

Ахмад Жамил Абделрахман Алакайлех

Нурболот Ысламидинов

Мохамад Абдаллах Набил Али Альханактах

Кутман Айманбетов,

Шохрухбек Арифжанов

Мырзабек Сулайманов.

Кутман Айманбетов, 2-курстун студенти:

– Биздин команданын негизги өзөгүн былтыркы Спартакиадага катышкан студенттер түздү, быйыл тандоо аркылуу биз бир нече оюнчулар менен күчтөндүк. Эң эсте калганы ETF командасы менен болгон оюн болду. Күчтүү атаандаштар менен беттешүүлөр дайыма курч болот. Команданын биримдигинин жана ар бир оюнчунун өзүнчө берилгендигинин аркасында турнирди жеңе алдык.

Футбол өзүн-өзү тарбиялоого үйрөтөт, моралдык жана физикалык күчтү өнүктүрөт. Мен үчүн бул спорт менин жашоомдо ар дайым өзгөчө орунду ээлеп келген – мен дээрлик 10 жылдан бери футбол ойноп келем.

Артка кайтуу