Өткөн жылы Кыргыз-Орус Славян университетине (КРСУ) жаңы башкаруу тобу дайындалып, анын алдында университетти терең трансформациялоо жана аны алдыңкы окуу жайдын кызматына кайтаруу боюнча дымактуу — милдети турган.
Жыл ичинде окуу программаларын өркүндөтүү, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана инфраструктураны модернизациялоо боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлдү. Коллективдин макулдашылган куч-аракети жана академиялык коомчулуктун колдоосу олуттуу натыйжаларга жетишууге мумкундук берди - окуу курстары эмгек рыногунун азыркы талаптарына ылайыкташтырылды, инновациялык билим беруу долбоорлору ишке киргизилди, университеттин материалдык-техникалык базасы бир кыйла жацыртылды.
КРСУ Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институту (МГИМО) жана Санкт-Петербург политехникалык университети (Политех) сыяктуу алдыңкы орус университеттери менен өнөктөштүк мамилелерди түзө алды. Бул байланыштар студенттердин жана мугалимдердин академиялык мобилдүүлүгү, ошондой эле биргелешкен илимий изилдөөлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
КРСУнун проректорлорунун тобу университеттин өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымы үчүн бардык кызматкерлерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет. Жалпы аракеттердин аркасында алдыга коюлган максаттарга жетүү жана КРСУну трансформациялоонун биринчи этабын ийгиликтүү аяктоо мүмкүн болду.
Жакынкы арада өкмөттөр аралык келишимдин жоболоруна ылайык, россиялык тарап университеттин жаңы жетекчилигин дайындайт, ал КРСУнун позициясын бекемдөө жана аны эл аралык аренада жылдыруу боюнча ишти улантат. Россиянын алдыңкы университеттеринин эксперттери.