КРСУ билим берүү тармагындагы эмгек мамилелери боюнча тегерек столдо

КРСУ билим берүү тармагындагы эмгек мамилелери боюнча тегерек столдо

12 ноябрь 2025

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим жана инновация министрлиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети менен биргеликте темасында тегерек стол уюштурду: «Жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелериндеги эмгек мамилелеринин заманбап маселелери жана аларды чечүүнүн жолдору».

Эмгек мамилелерин жөнгө салуунун, педагогикалык жана административдик кызматкерлердин укуктарын сактоонун, жамааттык келишимдерди өркүндөтүүнүн, ошондой эле билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин социалдык кепилдиктерин коргоо механизмдеринин актуалдуу маселелери талкууланды.

КРСУдан темендегулер катышты:

— Юлия Калюжная, ректордун аппарат жетекчиси;

— Наиля Валитова, кадрлар бөлүмүнүн башчысы;

— Виталий Панков, КРСУнун кызматкерлеринин профсоюз уюмунун председатели.

Иш-чара алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу жана ченемдик-укуктук базаны жаңылоого жана билим берүү тармагындагы социалдык туруктуулукту чыңдоого багытталган сунуштарды иштеп чыгуу аянтчасы болуп калды.

КРСУ заманбап кадр саясатын калыптандырууга активдүү катышып, билим берүү кызматкерлеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган демилгелерди колдойт.

Артка кайтуу