Кыргызстанда Россиянын жогорку билиминин жылдык көргөзмөсү башталды «Россияда билим берүү — 2025». Бишкек, Кант, Кара-Балта жана Чолпон-Атада абитуриенттер Россиянын 35 алдыңкы университеттеринин программалары менен таанышып, келечектеги кесибин тандап, кабыл алуу боюнча кеңеш ала алышат.
Эң популярдуу павильондордун бири Кыргыз-Орус Славян университетинин павильону болду. Жүздөгөн мектеп бүтүрүүчүлөрү талап кылынган адистиктердин кеңири спектри боюнча окутууну сунуш кылган университеттин билим алуу мүмкүнчүлүктөрүнө кызыгышат. КРСУнун өкүлдөрү консультацияларды өткөрүшөт, кабыл алуу жана студенттик жашоо боюнча суроолорго жооп беришет, ошондой эле оптималдуу билим берүү траекториясын тандоого жардам беришет.
Көргөзмөнүн алкагында Бишкекте сынактык предметтик тестирлөө жана адистештирилген консультациялар да өткөрүлөт. Иш-чаранын уюштуруучулары - Россотрудничествонун өкүлчүлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен «Moscow Classic» коомдук фонду.