КРСУ жаңы диссертациялык кеңештин негиздөөчүсү болуп калды

КРСУ жаңы диссертациялык кеңештин негиздөөчүсү болуп калды

23 июнь 2026

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим жана инновация министрлигинин алдындагы Жогорку аттестациялык комиссиянын чечими менен түзүлгөн Д 08.26.28 диссертациялык кеңешинин биринчи отуруму болуп өттү.Кеңеш «Өнөр жай экономикасы жана менеджмент» жана «Финансы, акча жүгүртүү жана кредит» адистиктери боюнча докторлук жана кандидаттык диссертацияларды коргоого кабыл алуу укугун алды.Биринчи жыйынга Кыргыз-Орус Славян университетинин илимий жана инновациялык ишмердүүлүк боюнча проректору Евгений Шекунов катышты. Кеңештин ишине Бишкектеги бир катар жогорку окуу жайлардын жана илимий уюмдардын өкүлдөрү да катышты.Диссертациялык кеңеш Кыргыз-Орус Славян университетинин жана Билим берүү, илимий-өндүрүштүк комплекстин «Кыргызстан Эл аралык университетинин базасында түзүлгөн. КРСУ экономика жана финансы тармагында илимий кадрларды даярдоого жана аттестациялоого эксперттик колдоо көрсөтүп, жаңы илимий-билим берүү платформасынын негизги катышуучуларынын бири болуп саналат.Кеңешти түзүү өлкөнүн илимий потенциалын өнүктүрүүгө, диссертацияларды коргоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана Кыргызстандын алдыңкы университеттери менен илимий борборлорунун ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган.
Артка кайтуу