15-апрелде Бишкек шаарында Кыргызстандын студенттери жана мектеп окуучулары арасында "Таштандыдан «искусствого" деген темада университеттер аралык экологиялык сынак болуп өттү. Ага КРСУнун экономика факультетинин 1-курсунун студенттери катышты.
Милана Фаталиева менен Камилла Аржиманова эски гезиттерден тигилген көйнөктүн макетин тартуулап, сыныктардан аксессуарларды даярдашты, ал эми Виктория Борисенко табигый материалдардан жана курулуш материалдарынын калдыктарынан жасалган эко-үйдүн долбоорун сунуштады. Сынактын жыйынтыгында В.Борисенко «"Мыкты эко-идея»" номинациясын жеңип, сынактын алдыңкы үч лидеринин катарына кирди.
Студенттерибиз жергиликтүү маалымат каражаттарына да маек куруп, анда жалпысынан экологияга, өзгөчө таштандыларды чыгаруу көйгөйүнө көбүрөөк көңүл буруу зарылдыгын белгилешти.