КРМУнун эл аралык журналистика кафедрасынын студенттери Sputnik Кыргызстандын редакциясы тарабынан уюштурулган мастер-класска катышты, аны ИИМдин «Россия сегодн» инновациялык журналистика борборунун редактору Артём Буфтяк өткөрдү.
Келечектеги журналисттер заманбап ЖМКлар, жаңылыктар чөйрөсүндөгү иштин өзгөчөлүктөрү жана санариптик журналистикадагы учурдагы тенденциялар тууралуу баалуу билимдерди алышты. Баяндамачы жеке тажрыйбасы менен бөлүшүп, сапаттуу журналистиканын негизги принциптерине токтолуп, жаш адистерге практикалык сунуштарды берди.
Мындай жолугушуулар – студенттер үчүн медиа индустриясы жөнүндө көбүрөөк билүү, адистерге суроолорду берүү жана заманбап журналистиканын ичинен кандай иштээрин көрүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.