Михаил Швыдкой КРСУнун студенттери менен жолугушту: маданият, технология жана кызматташтыктын келечеги

Михаил Швыдкой КРСУнун студенттери менен жолугушту: маданият, технология жана кызматташтыктын келечеги

11 февраль 2025

Категория: Кызматташуу

Бөлүшүү:

Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой Кыргыз-Орус Славян университетинде (КРСУ) болуп, ректордун милдетин аткаруучу Сергей Волков жана студенттер менен жолугушту.

Сүйлөшүү учурунда студенттер заманбап технологиялык өнүгүү маселелерине, театрдын коомдогу ролуна, ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелер курулган фундаменталдык баалуулуктарга абдан кызыгышты. Гуманитардык кызматташтыктын келечеги, биргелешкен билим берүү демилгелери жана маданий долбоорлор талкууланды.

Михаил Швыдкой азыркы дуйнеде маданий алмашуунун маанисин баса белгиледи:

"Искусство жана билим – бизди жакындаткан тармак. Технологиянын өнүгүшү жашообузду өзгөртөт, бирок театр, адабият жана жалпы эле маданият адамды жана коомду калыптандырууну улантууда. Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыктын бай тарыхы бар жана биздин – милдетибиз бул байланыштарды сактоо жана өркүндөтүү"

КРСУнун ректорунун милдетин аткаруучу Сергей Волков мындай жолугушуулардын маанисин белгиледи:

"Биздин студенттер үчүн мындай диалогдор – түздөн-түз суроолорду берүүгө, эксперттин пикирин угууга жана эл аралык мамилелердин өнүгүү тенденцияларын жакшыраак түшүнүүгө мүмкүнчүлүк. Биздин өлкөлөрдүн билим берүү жана маданий өнөктөштүгү мындан ары да чыңдалат деп ишенебиз"

Жолугушуу ачык баарлашуу форматында өтүп, анда катышуучулар пикир алмашып, учурдун чакырыктарын талкуулап, Кыргызстан менен Россиянын келечектеги кызматташтыгы боюнча өз көз караштарын айта алышты.

Артка кайтуу