Бөлүмдүн башчысы Эрик Мамбетовдун жетекчилиги астында КРСУнун архитектура, долбоорлоо жана курулуш факультетинин экология жана өзгөчө кырдаалдардан коргоо кафедрасынын студенттери жана магистранттары Жогорку Кеңеште болушту.
Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер маанилүү ченемдик укуктук актылар кабыл алынган жыйындар залы менен таанышып, пленардык жыйынга катышты.
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактарды өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасы Аманкан Кенжебаев менен жолугушуу аларга парламенттин иши менен таанышууга жана актуалдуу маселелерди талкуулоого мүмкүндүк берди.
Экскурсия уникалдуу тажрыйба гана болбостон, жаштарды активдүү жарандыкка жана профессионалдык өсүүгө умтулууга үндөдү.