Кыргыз-Россия Славян университетинин менеджмент кафедрасында экономика илимдеринин кандидаты, доцент Диляра Сулееванын жетекчилиги астында «Business Planing» дисциплинасын изилдөөнүн алкагында жыл сайын бизнес-пландардын конкурсу болуп өттү.
Сынакка 11 команда катышып, ар кандай тиркемелерди иштеп чыгуудан баштап, экологиялык жактан таза, ылдам учуучу унааларга чейин инновациялык – идеяларын сунушташты. UBPP-1-22 тобунун студенттери: Самира Мусахунова, Лейла Белгибаева, Дарья Мирошниченко жана Аяна Абдыраева тарабынан түзүлгөн «Беттин терисине кам көрүү тиркемесинин долбоору жеңүүчү деп табылды.
Сынактын максаты - студенттердин ишкердик жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү, аларды заманбап бизнес чакырыктарына даярдоо, ошондой эле ийгиликтүү стартап үчүн эффективдүү стратегияларды түзүү көндүмдөрүн үйрөтүү.