Мындан туура чейрек кылым мурда Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети түзүлгөн.
Университеттердин эл аралык рейтинги боюнча (Webmetrics Ranking of World Universities) КРСУ Кыргызстандагы эң мыкты 10 университеттин тизмесинде биринчи орунду ээледи.
Бүгүнкү күндө бул заманбап, динамикалуу өнүгүп жаткан билим берүү комплекси. Анда 9 миңден ашык студент билим алып, сапаттуу билим алуунун жана ийгиликтүү карьеранын гаранты катары КРСУну тандашкан.
Университетте окуу 44 багыт жана адистик боюнча жүргүзүлөт, 7 факультет, 92 кафедра, 6 илимий институт, 15 илимий борбор бар.
Азыр бир катар юбилейлик иш-чаралар кызуу журуп жатат: кергезмелер, спорттук турнирлер, концерттер, тематикалык жана илимий-практикалык конференциялар. Анын үстүнө алардын көбү эл аралык статуска ээ.
КРСУнун 25 жылдыгына арналган иш-чаралар: