КРСУнун жаңы кампусу Борбор Азиядагы эң мыкты кампус болот

КРСУнун жаңы кампусу Борбор Азиядагы эң мыкты кампус болот

6 август 2026

Бөлүшүү:

Россия Кыргызстан-Россия Славян университетин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, билим берүү тармагында Кыргызстан менен кызматташууну кеңейтүүнү улантууда.Кыргыз-Россия экономикалык форумунда сөз сүйлөгөн Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук КРСУнун жаңы кампусун куруунун шарттарын аныктаган өкмөттөр аралык келишимди ратификациялоо боюнча ички жол-жоболор аяктаганын билдирди.Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров долбоорду колдоп, Бишкектин абройлуу аймактарынын биринен болочок университет комплексине 30 гектар жер бөлүп берген.Алексей Оверчуктун айтымында, Орусия бул жерде Борбор Азиядагы эң мыкты университет кампусун курууну көздөп жатат.
Артка кайтуу