КРСУнун жаңы кампусу кыргыз-орус кызматташтыгын чыңдоонун негизги символдорунун бири болуп калат

КРСУнун жаңы кампусу кыргыз-орус кызматташтыгын чыңдоонун негизги символдорунун бири болуп калат.Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экс-төрагасы Акылбек Жапаров форумда сүйлөп жатып билдирди. Анын айтымында, мындан 200 жылдан ашык убакыт мурун кыргыздар Орусия менен мамиле түзүү менен туура тандоо жасашкан жана бул стратегиялык багыт келечекте да уланат.Анын айтымында, ишенимди сактоо, маданий-агартуу байланыштарын өнүктүрүү, ошондой эле экономикалык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү үчүн бекем негиз түзөт.
Артка кайтуу