КРСУнун юридикалык факультетинин студенттеринин мамлекеттик деңгээлдеги жеңиши

КРСУнун юридикалык факультетинин студенттеринин мамлекеттик деңгээлдеги жеңиши

17 апрель 2026

Бөлүшүү:

Кыргыз-Россия Славян университетинин юридикалык факультетинин студенттери Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы уюштурган Олимпиадага катышты.Сынактын жүрүшүндө катышуучулар көмүскө финансылык схемаларды аныктоо, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча практикага багытталган маселелерди чечип, жогорку деңгээлдеги даярдыкты, аналитикалык ой жүгүртүүнү жана кесиптик компетенттүүлүгүн көрсөтүштү.Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча:- Абдимажитова Айдеми (гр. Ю-1-23) — 2-орун- - Имаралиева Зарина (гр. Ю-1-23) — 3-орунСтуденттер Красноярск шаарында өтө турган Финансылык чалгындоо жана финансылык коопсуздук боюнча эл аралык олимпиадада Кыргыз Республикасынын атынан чыгуу укугуна ээ болушту.Юридикалык факультеттин командасына ошондой эле:Беккожоева Арина (Ю-1-23), Жантемиров Мырзабек (Ю-5-24), Кадыралиев Курманбек (Ю-5-24), Жакыпбекова Айша (Ю-9-24), Мусаев Саид (Ю-9-24), Качкынов Элнур (Ю-7-24).Команданы даярдоону КРСУнун юридикалык факультетинин административдик-финансылык укук кафедрасы юридика илимдеринин кандидаты, кафедра башчысы Айнаш Сагыновнанын жетекчилиги астында ишке ашырды.Студенттерди татыктуу натыйжалары менен куттуктайбыз жана эл аралык аренада ийгиликтүү оюн каалайбыз!
Артка кайтуу