КРСУнун Камкорчулар кеңеши: динамикасын жана стратегиялык маанисин баалоо

КРСУнун Камкорчулар кеңеши: динамикасын жана стратегиялык маанисин баалоо

2 февраль 2026

Бөлүшүү:

КРСУнун Камкорчулар кеңешинин отурумунда Россия Федерациясынын Президентинин стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча башкармалыгынын башчысы Вадим Петрович Титов куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Ал өз сөзүндө университетте болуп жаткан өзгөрүүлөргө баа берип, анын Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелер үчүн маанисин баса белгиледи.


«КРСУ кандай өзгөрүп жатканын баарыбыз көрүп турабыз – иштеп жаткан инфраструктураны масштабдуу модернизациялоо жүргүзүлүп жатат, бизнестин жана экономиканын суроо-талаптары үчүн программалар түзүлүүдө, студенттер жана мугалимдер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, ачылууда. Бул динамика КРСУ Россия жана Кыргызстан үчүн маанилүү стратегиялык долбоор бойдон кала берээрин тастыктайт. Чогулгандардын бардыгынын биргелешкен куч-аракеттеринин аркасында бугунку кунде билим беруу тармагын гана эмес, биздин елкелерубуздун гулдеген келечегин енуктурууге зор салым кошуп жатат».


Университеттин өнүгүүсүнүн белгиленген динамикасы КРСУнун жетекчилигинин, Камкорчулар кеңешинин жана өнөктөштөрдүн макулдашылган ишинин натыйжасында, ошондой эле эки мамлекеттин ортосундагы гуманитардык жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо үчүн негиз катары белгиленди.

Артка кайтуу