Орусиянын элчиси Сергей Вакунов: Орусия КРСУну өнүктүрүүгө чоң көңүл бурат

Орусиянын элчиси Сергей Вакунов: Орусия КРСУну өнүктүрүүгө чоң көңүл бурат

25 ноябрь 2024

Бөлүшүү:

Бүгүн кыргызстандык ЖМКлар менен иштиктүү эртең мененки тамакта Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов билим берүүнү өнүктүрүүдө жана мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоодо Кыргыз-Россия Славян университетинин (КРСУ) негизги ролун баса белгиледи.

Сергей Вакуновдун айтымында, Орусия КРСУну экономиканын түрдүү тармактары үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдаган алдыңкы окуу жайы катары өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Жакынкы пландарда — россиялык жана кыргызстандык ишканалар үчүн кадрларды максаттуу даярдоо боюнча иштерди күчөтүү бар.

Элчи университеттер аралык кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Академиялык мобилдүүлүктүн алкагында студенттер үчүн алмашуу программаларын кеңейтүү, ошондой эле стажировкаларды жана биргелешкен илимий долбоорлорду активдештирүү пландаштырылууда.

"КРСУнун жаңы амбициялуу командасы билим берүү процессинде жана илимий ишмердүүлүктө сапаттык өзгөрүүлөргө багытталган максаттарды коюп жатат. Биз Россиядан мугалимдер тажрыйба алмашуу үчүн тез-тез келип турушат деп күтөбүз, бул университеттин эл аралык аренадагы позициясын мындан ары да бекемдейт", - деп белгиледи Сергей Вакунов.

КРСУ Россия менен Кыргызстандын ортосундагы достуктун жана стратегиялык өнөктөштүктүн символу болуп калууда, азыркы замандын чакырыктарына жооп берген билим берүү долбоорлорун активдүү ишке ашырууда.

Артка кайтуу