Кыргыз-Россия Славян университетинде Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) институционалдык чөйрөсүн өнүктүрүүгө багытталган долбоорду ишке ашыруу боюнча жигердүү иштер улантылууда.
КРСУ менен Мамлекеттик мекеменин ортосунда түзүлгөн 2025-жылдын 25-мартындагы №42 Техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишимди ишке ашыруунун алкагында «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору.», Экономика факультетинин окутуучулары МЖӨ темалары боюнча аттестациядан өтүшөт.
Долбоор ЖОЖдор менен МЖӨ борборунун ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле бул багыттагы адистердин компетенциясынын деңгээлин жогорулатуу максатында ишке ашырылууда. Сертификат мугалимдерге квалификациясын жогорулатууга гана эмес, алган билимдерин окуу процессине киргизүүгө, мамлекет менен бизнестин натыйжалуу өнөктөштүгүнүн шарттарында иштөө үчүн жаңы муундагы адистерди даярдоого көмөктөшүүгө мүмкүндүк берет.