Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия менен Кыргызстандын ортосундагы гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүдө КРСУнун ролун белгиледи

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия менен Кыргызстандын ортосундагы гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүдө КРСУнун ролун белгиледи

10 октябрь 2025

Бөлүшүү:

9-октябрда Дүйшөмбү шаарында «Борбордук Азия – Россия» экинчи саммити болуп, ага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө аймактагы өлкөлөр менен Россия Федерациясынын ортосундагы саясий, экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Президент белгилегендей, Россия Борбор Азия мамлекеттери үчүн негизги соода-экономикалык өнөктөш бойдон калууда, соода жүгүртүү жана тартылган инвестиция боюнча алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Анын айтымында, кызматташтыктын бирдей бекем пайдубалы гуманитардык чөйрөдө — билим берүү, маданият жана спорт тармагындагы өз ара аракеттенүү болуп саналат.

Садыр Жапаров Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин ролуна өзгөчө көңүл буруп, анын Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы гуманитардык байланыштарды чыңдоодогу маанисин баса белгиледи.

«Гуманитардык байланыштар биздин жалпы келечегибиз, өзгөчө билим берүү, маданият жана спорт сыяктуу негизги тармактарда курулган бекем негиз болуп саналат. Акыркы жылдары Россияда он миңдеген жогорку квалификациялуу адистер даярдалды. Бүгүнкү күндө бул адистер Кыргызстанда да, Россияда да иштеп, мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоодо маанилүү роль ойноп жатышат. Ошол эле учурда биздин алдыбызда билим берүү инфраструктурасын модернизациялоо боюнча чоң пландар турат. Тактап айтканда, Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети эл аралык стандарттарга жооп бере турган заманбап билим берүү борборуна айландырылат», — Садыр Жапаров белгиледи.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү жолундагы маанилүү кадамдар «чет өлкөдө орус мугалими долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу жана Кыргызстанда тогуз жаңы мектепти куруу пландары болгонун, анын алгачкы үчөө 2027-жылы эшигин ачарын баса белгиледи. Президент ошондой эле гуманитардык байланыштарды жана маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүнүн кошумча куралы боло турган орус тили боюнча эл аралык уюмдун ишмердүүлүгүн баштоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Президенттин сөзү эки тараптуу өнөктөштүктүн маанилүү багыттарынын бири катары билим берүү жана маданий байланыштардын стратегиялык маанисин ырастап, ошондой эле Россия менен Кыргызстандын биргелешкен демилгелерин ишке ашырууга жөндөмдүү жаңы муундагы адистерди даярдоого КРСУнун салымын баса белгиледи.

Артка кайтуу