КРСУнун профессору Аликбек Жекшенкулов: ШКУ биргелешкен иштин натыйжалуулугуна көңүл бурушу керек
30 июль 2026
Бөлүшүү:
Кыргыз-Орус Славян университетинин профессору, Кыргыз Республикасынын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Бишкекте өтүп жаткан Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ЖМКларынын жана аналитикалык борборлорунун Биринчи форумунда сөз сүйлөдү.Ал өз сөзүндө ШКУ өнүгүүнүн жаңы этабына кирип жатканын, анда негизги артыкчылык уюмду кеңейтүү эмес, катышуучу өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу экенин белгиледи.КРСУнун профессорунун айтымында, эл аралык уюмдар мамлекеттердин эгемендүүлүгүн чыңдоодо жана практикалык кызматташуунун туруктуу механизмдерин түзүүдө маанилүү роль ойнойт. Ошол эле учурда кичи жана орто мамлекеттер бирикмелердин ишине гана катышпастан, саясий келишимдерди реалдуу долбоорлорго айландырган демилгелерди да сунуштай алышат.Аликбек Жекшенкулов ШКУнун ишмердүүлүгүнүн интеллектуалдык компонентине өзгөчө көңүл бурган. Ал аналитиктер жана журналисттер саясий процесстин толук кандуу катышуучулары экенин, эксперттик жана коомдук күн тартибин түзөрүн баса белгиледи.Профессор негизги милдеттердин катарында ШКУ институттарын практикалык мазмун менен толтурууну, транспорт, коопсуздук, климаттын өзгөрүшү жана санариптик технологиялар тармагында биргелешкен изилдөөлөрдү өнүктүрүүнү, эксперттик коомчулук менен массалык маалымат каражаттарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөнү белгиледи.Ал өзүнчө Борбор Азия өлкөлөрүнүн ролу өсүп жатканын белгилеп, алардын салымы жалпы демилгелерди колдоодо гана эмес, өз идеяларын жана практикалык чечимдерин алдыга жылдырууда да көрсөтүлүшү керектигин баса белгиледи.ШКУга мүчө мамлекеттердин ЖМКларынын жана аналитикалык борборлорунун биринчи форумун Кыргызстандын Улуттук маалымат агенттиги «Кабар» Кытайдын «Синьхуа» маалымат агенттиги менен биргеликте уюштурууда. Иш-чарага 26 өлкөдөн 250гө жакын өкүлдөр - маалымат агенттиктеринин, аналитикалык борборлордун жетекчилери, эксперттер жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.