Кыргыз-Орус Славян университетинин билим берүү иштери боюнча проректору Елена Девятова «Epsilon» мектебинде болуп, окуу жайдын директору Азамат Диикамбаев менен жолугушту.
Жолугушууда университет менен мектептин кызматташуусунун келечеги талкууланды. Тараптар мектептик билим берүүнү өнүктүрүү, атап айтканда, жогорку класстын окуучуларын жогорку окуу жайларына, анын ичинде КРСУга кабыл алууга даярдоону күчөтүү боюнча пикир алышты.
Окуучулардын илимий кызыкчылыктарын өнүктүрүүгө жана КРСУнун билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн жайылтууга багытталган биргелешкен иш-чараларга өзгөчө көңүл бурулду. Университеттин окутуучуларынын жана студенттеринин катышуусунда ачык лекцияларды, мастер-класстарды жана мектеп олимпиадаларын өткөрүү пландары түзүлдү.
КРСУ жана «Epsilon» мектеби Кыргызстанда сапаттуу билим берүүнү колдоо үчүн өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөнү пландаштырууда.