Кыргыз-Орус Славян университетинде (КРСУ) маанилүү окуя болуп өттү – «Пушкин окуулары». Бул илимпоздорду, адабиятчыларды, мугалимдерди жана студенттерди чогулткан эл аралык илимий-практикалык конференция. Максаты - мурасы дүйнөлүк адабиятта маанилүү роль ойногон улуу орус акыны Александр Сергеевич Пушкиндин чыгармачылыгын изилдөө жана жайылтуу.
Конференциянын катышуучулары Пушкиндин орус жана дүйнөлүк маданияттын өнүгүшүнө тийгизген таасирин талкуулап, жаңы изилдөөлөр менен бөлүшүштү. Пушкиндин чыгармаларын ар турдуу елкелерде жана маданияттарда чечмелееге арналган докладдар езгече кызыгууну туудурду.
Мугалимдер жана студенттер кызыктуу лекцияларды угууга гана эмес, талкууларга активдүү катышууга, суроолорду берүүгө жана пикир алмашууга мүмкүнчүлүк алышты. КРСУдагы «Пушкин окуулары» конференциясы орус адабиятына жана маданиятына кызыккандардын бардыгы үчүн маанилүү окуя болуп калды.