Кыргыз-Орус Славян университетинин (КРСУ) делегациясы Санкт-Петербургдагы Улуу Петр политехникалык университетине иш сапары менен барды. Иш сапар ЖОЖдор ортосундагы кызматташтыктын жол картасынын алкагында болуп, дистанттык окутуу жаатында тажрыйба алмашууга арналды. КРСУдан келген коноктор дистанттык окутуу системасы «Open Polytech», билим берүүчү видео өндүрүштүн негиздери жана билим берүү курстарын уюштуруу менен таанышты.
Делегацияны табият таануу факультетинин деканынын орун басары Мирлан Алсеитов, физика жана микроэлектроника кафедрасынын башчысы Айгүл Айтымбетова жана архитектура, долбоорлоо жана курулуш факультетинин деканынын орун басары Гүлмира Шабикова жетектеди. Алар теориялык жана практикалык сабактарды өтүштү, окуу курстарын түзүүнү үйрөнүштү жана порталды башкаруу көндүмдөрүн өздөштүрүштү.
Мындан тышкары, Санкт-Петербург мамлекеттик педагогикалык университетинин Ачык билим берүү борборунун кызматкерлери видео өндүрүш боюнча мастер-класстарды өткөрүштү. Иш сапардын жүрүшүндө КРСУнун делегаттары бир нече видеолекцияларды жаздырып, бул жааттагы заманбап тенденцияларды талкуулашты.