КРСУнун ректору Индиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушуу өткөрдү

Кыргыз-Орус Славян университетинин ректору Сергей Волков менен Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бирендер Сингх Ядавдын жумушчу жолугушуусу болду.Жолугушууда эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы академиялык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды. Белгиленгендей, учурда КРСУда Индиядан келген 500гө жакын студент негизинен медициналык багытта билим алууда.Тараптар өнөктөштүктү мындан ары кеңейтүүгө, анын ичинде инженердик жана башка билим берүү программаларын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти. КРСУнун жетекчилигинин мамлекеттик университеттер менен түз байланыштарды түзүү жана университеттер аралык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү максатында Индияга сапарынын келечеги каралат.Ошондой эле Кыргыз-Орус Славян университетинин Нью-Делидеги Бүткүл дүйнөлүк билим жарманкесине катышуусу жана академиялык жана институттук байланыштарды өнүктүрүүдө индиялык тараптын мүмкүн болгон жардамы талкууланды.Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жана кызматташуу келишимдерин даярдоо боюнча практикалык кадамдарды карашты.
Артка кайтуу