Чыгыш экономикалык форумунун пленардык жыйынына КРСУнун ректору Сергей Волков катышты

Чыгыш экономикалык форумунун пленардык жыйынына КРСУнун ректору Сергей Волков катышты

5 сентябрь 2025

Бөлүшүү:

Кыргыз-Орус Славян университетинин ректору Сергей Волков 5-сентябрда Владивостокто өткөн X Чыгыш экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышты.

Форумдун негизги окуясы Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин көп полярдуу дүйнөнү калыптандыруунун келечегин жана эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилеген сөзү болду. Ал ошондой эле форум он жыл ичинде жогорку эл аралык беделге ээ болуп, экономиканы өнүктүрүүнүн жана эл аралык кызматташтыктын негизги маселелерин талкуулоо үчүн олуттуу аянтча болуп калганын белгиледи.

Пленардык заседаниеде чыгып суйлегендердун арасында Лаос Элдик Демократиялык Республикасынын Премьер-министри Сонсай Сифандон, Монголиянын премьер-министри Гомбожавын Занданшатар жана Эл екулдерунун буткул кытайлык чогулушунун туруктуу комитетинин председателинин орун басары Ли Хончжун да болушту.

Юбилейлик форум 3–6-сентябрда Ыраакы Чыгыш федералдык университетинин кампусунда өтөт. 2025-жылы иш-чаранын негизги темасы — «Ыраакы Чыгыш: тынчтык жана гүлдөп өнүгүү үчүн кызматташуу».

Артка кайтуу