Токмок шаарында студенттердин конституциялык сот өндүрүшү боюнча республикалык конкурсу өттү

Токмок шаарында студенттердин конституциялык сот өндүрүшү боюнча республикалык конкурсу өттү

17 ноябрь 2025

Бөлүшүү:

Кыргыз-Россия Славян университетинин юридикалык факультети Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жана Борбордук Азиянын Эл аралык университети менен биргеликте конституциялык сот өндүрүшү боюнча республикалык «Оюн сот процесстери боюнча республикалык сынак өткөрдү».

Мелдешке Кыргызстандын алдыңкы алты университетинен жети команда катышты. Катышуучулар жогорку деңгээлдеги даярдыкты, укуктук инструменттерге ээлик кылууну жана конституциялык укук жаатында практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын көрсөтүштү.

Мелдеш эки этап менен өттү. Жазуу жүзүндөгү турда командалар талаш-тартыштын эки тарабына тең меморандумдарды даярдашкан. Андан кийин Конституциялык сотто иштерди кароонун реалдуу процессинин моделине негизделген үч оозеки раунд болду.

Катышуучулардын эмгегин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун учурдагы судьялары, Жогорку Соттун алдындагы Юстициянын Жогорку мектебинин, Башкы прокуратуранын, адвокатуранын, нотариустун жана коомдук фонддун өкүлдөрү кирген калыстар тобу баалады. «Sivix».

Мелдештин жыйынтыгы боюнча темендегулер жецип чыгышты:

1-орун — Ала-Тоо университети,

2-орун — Кыргызстандын Эл аралык университети

3-орун — Кыргыз улуттук университети.

Өзүнчө номинация «Мыкты юридикалык стиль» КРСУнун юридикалык факультетинин командасына ыйгарылды. Анын курамына Дмитрий Смирнов, Лаурика Межидова, Мырзабек Жантемиров, Эвелина Сулейманова жана Арсен Болотов кирди. Команданы юридика илимдеринин кандидаты, КРСУнун эл аралык жана конституциялык укук кафедрасынын доценти Дамира Байгазиева даярдаган.

Сынак студенттердин юридикалык тажрыйбасын өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн ЖОЖдорунун укуктук билим берүү тармагындагы өз ара аракеттенүүсүн чыңдоонун негизги аянтчаларынын бири болуп калды.

Артка кайтуу