Сергей Волков Татарстандын башчысы менен жолугушууга катышты

Сергей Волков Татарстандын башчысы менен жолугушууга катышты

7 октябрь 2026

Бөлүшүү:


Кыргыз-Орус Славян университетинин ректору Сергей Волков Казань шаарында Татарстан Республикасынын Илимдер академиясынын 35 жылдыгына арналган иш-чараларга катышууда.

Иш сапарынын алкагында ал Татарстандын Раиси Рустам Миннихановдун аймактык, федералдык жана чет элдик илимий коомчулуктардын өкүлдөрү менен жолугушуусуна катышты. Жолугушуу республиканын Өкмөт үйүндө өтүп, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Беларусь жана башка өлкөлөрдөн келген катышуучуларды чогултту.

Рустам Минниханов республиканын илимий-техникалык өнүгүүсүндөгү Татарстан Илимдер академиясынын ролун жана окумуштууларды колдоону белгиледи. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө илимий кадрларды даярдоо, инженердик мектептерди жана жаштар лабораторияларын өнүктүрүү, ошондой эле Татарстандын изилдөөчүлөрүнүн тажрыйбасын Россияда жана чет өлкөлөрдө жайылтуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Иш-чаранын жүрүшүндө КРСУ менен Татарстандын Илимдер академиясынын 2026–2027-жылдарга кызматташуусунун жол картасына кол коюу пландаштырылууда.
Артка кайтуу