КМШнын жаш окумуштууларына стажировка жана гранттык колдоо көрсөтүү
КМШнын Нанотехнологиялар эл аралык инновациялык борбору 2026-жылы КМШга мүчө — мамлекеттердин жаш окумуштуулары жана адистери үчүн стажировка программасын ишке киргизет, ошондой эле илимий жана инновациялык иштеп чыгуулар жаатында гранттык сынак жарыялайт.
Практика программасы кесиптик өсүүгө, илимий компетенцияларды кеңейтүүгө жана заманбап илимий-техникалык долбоорлордо практикалык тажрыйба алууга кызыкдар жаш изилдөөчүлөргө жана адистерге багытталган. Программага катышуу кесипкөй байланыштарды түзүүгө, изилдөөнүн учурдагы багыттары менен таанышууга жана КМШ өлкөлөрүндөгү кесиптештер менен тажрыйба алмашууга мүмкүндүк берет.
Ошол эле учурда 2026-жылы келечектүү илимий долбоорлорду жана демилгелерди колдоого багытталган гранттык сынак өткөрүлөт.
КМШнын Нанотехнологиялар боюнча Эл аралык инновациялык борбору КМШга мүчө — мамлекеттердин негизги уюму болуп саналат жана эл аралык илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган программаларды ишке ашырат.
Кененирээк маалымат КМШ MICNT сайтында https://ininc.jinr.ru
2026-жылы КМШ MICNT грантына арыз