КРСУнун журналистика кафедрасынын 3-курсунун студенти Атай Азаматов "Минекрафт" культтук оюнун кыргыз тилине которууну демилгелеген. Анын эмгеги — иштеп чыгуучулары тарабынан жогору бааланып, оюндун акыркы жаңыртуусунда кыргызча расмий котормосу дүйнө жүзүндөгү колдонуучуларга жеткиликтүү болгон.
«Мен мектепте окуп жүргөндө эле оюндун уюштуруучулары менен байланышууга аракет кылгам, бирок өткөн жылдын май айында гана ишке ашты. Котормосун ошол эле мезгилде баштадым. Бул өлкө үчүн жана мамлекеттик тилдин өнүгүшү үчүн абдан маанилүү окуя», — Атай бөлүштү.
Студенттин демилгеси кыргыз коомчулугунда колдоо толкунун жаратып, кыргыз тилин эл аралык санариптик чөйрөдө жайылтууда олуттуу кадам болду.