6-ноябрдан 8-ноябрга чейин Бишкек шаарында «Intellect Chess Cup 2025» — турнири болуп өттү. Мелдеш Бишкек шахмат федерациясы жана Интеллект мектеби тарабынан уюштурулган. Турнирге өлкөнүн ар кайсы аймактарынан ондогон күчтүү шахматчылар катышты.
ПГС-2-25 тобунун студенти, КРСУнун шахмат командасынын капитаны Жаныбеков Элхан ишенимдүү оюн, стратегиялык ой жүгүртүү жана мыкты даярдыгын көрсөттү. Мелдештин жыйынтыгында Элхан өзүнүн жаш категориясы боюнча 3-орунду ээлеп, 2026-жылы өтүүчү шахмат боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатына ийгиликтүү жолдомо алды!
Элхан — университеттин спорттук турмушунун активдүү катышуучуларынын бири. Ал бир нече жолу шаардык жана республикалык мелдештерде КРСУнун атынан чыгып, университеттин шахмат кыймылын өнүктүрүүгө чоң салым кошуп, башталгыч оюнчуларга чеберчилигин жогорулатууга жардам берип келет.
Студентибиз менен сыймыктанабыз! Алдыда дагы көп жеңиштер, илхам жана жаңы рекорддор болсун!