КРСУнун эл аралык мамилелер факультетинин 2-курсунун студенти Турсунбекова Адинай Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги тарабынан уюштурулган «Кытай жана кытай модернизациясы деген темадагы дил баян сынагында үчүнчү орунду ээледи.
Сынак Кытайдын заманбап өнүгүү маселелерине, анын эл аралык саясаттагы ролуна жана Кыргызстандын жаштарынын модернизациясынын кытай моделин кабыл алуусуна арналды. Катышуучулар өз көз караштарын жеке байкоолордун призмасы, билим берүү тажрыйбасы жана эл аралык мамилелерди жана дүйнөлүк тарыхты изилдөөдөн алынган билимдер аркылуу көрсөтүштү.
Адинайдын эмгеги анын мазмуну, аналитикалык мамилеси жана компетенттүү аргументтери үчүн эксперттик жюри тарабынан жогору бааланды.
Адинайды татыктуу жеңиши менен куттуктайбыз жана ага академиялык жана кесиптик өсүү жолунда жаңы ийгиликтерди каалайбыз!