КРСУнун студенти Юлия Глухова Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамында IESF Female Азия чемпионатында коло байгеге ээ болду

КРСУнун студенти Юлия Глухова Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамында IESF Female Азия чемпионатында коло байгеге ээ болду

19 июль 2023

Категория: Жеңиш

Бөлүшүү:

Кыргызстандын CS:GO аялдар командасы IESF Female Азия чемпионатынан коло алып келди. Команданын составында КРСУнун экономика факультетинин студенти Юлия Глухова бар.

Турнир Эр-Риядда (Сауд Арабиясы) өттү. Биздин кыздар жогорку чеберчиликти жана командалык ишти керсетушту. Тайпалык баскычта Кыргызстан курамасы Гонконг, Индия жана Сауд Арабиянын командаларын утуп алды.

Биздин командадан күчтүү болгон жалгыз атаандаш Австралия курамасы болду – турнирдин чемпиону. Плей-офф баскычында биздин команда жарым финалда Гонконг командасын жеңе алган жок. Бирок кыздар багынбай, коло медаль үчүн Индия менен болгон беттеште мыкты ойношту. 2:0 эсебинде жеңишке жеткен Кыргызстан курамасы турнирде үчүнчү орунду ээледи.

Артка кайтуу