КРСУнун Карьера борбору табият таануу факультетинин студенттери үчүн «Automash Radiator» ишканасына экскурсия уюштурду.
Иш сапардын жүрүшүндө студенттер радиатор системаларын долбоорлоодон жана куруудан баштап даяр продукциянын сапатын көзөмөлдөөгө чейинки — өндүрүш процессин көрө алышты. Ишкананын өкүлдөрү өндүрүштө колдонулган заманбап технологиялар тууралуу айтып, университетте алынган теориялык билимдер иш жүзүндө кандай колдонулуп жатканын көрсөтүштү.
Кесиптик өсүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду: студенттер практикадан өтүү, стажировкадан өтүү жана андан кийин ишканада ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты.