КРСУнун студенттери жана кызматкерлери Сочиде өтүп жаткан каржылык коопсуздук боюнча IV Эл аралык олимпиадага катышууда

КРСУнун студенттери жана кызматкерлери Сочиде өтүп жаткан каржылык коопсуздук боюнча IV Эл аралык олимпиадага катышууда

1 октябрь 2024

Бөлүшүү:

30-сентябрдан 4-октябрга чейин Сочидеги Сириус федералдык аймагында каржылык коопсуздук боюнча IV Эл аралык олимпиада өтүүдө. Бул абройлуу иш-чарага 36 өлкөнүн өкүлдөрү, анын ичинде Кыргыз-Орус Славян университетинин (КРСУ) студенттери жана кызматкерлери катышууда.

Финансылык коопсуздук боюнча ЖОЖдор аралык жана республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү болгон КРСУнун студенттери финалда "Экономика" жана "Эл аралык мамилелер" багыттары боюнча ат салышат. Катышуучулардын арасында Кубанычбекова Сезим, Кадыркулова Маерим жана Мамаева Айназик бар.

Университеттин кызматкерлери — Александров П.В., Бровко Н.А. жана Исраилов М.И. — каржы институттарынын комплаенс адистеринин арасында долбоорлорду талкуулоодо эксперт катары иштешет. Алардын негизги милдети — кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразиялык топтун (ЕАС) III жылдык сынагынын алкагында кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүүгө багытталган мыкты финансылык анализдерге баа берүү.

Артка кайтуу