КРСУнун студенттери Мамлекеттик кызмат агенттигинде Ачык эшиктер күнүнө катышты

КРСУнун студенттери Мамлекеттик кызмат агенттигинде Ачык эшиктер күнүнө катышты

16 сентябрь 2024

Бөлүшүү:

Кыргыз-Россия Славян университетинин юридикалык факультетинин студенттери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан уюштурулган Ачык эшиктер күнүнө катышты.

Иш-чаранын максаты Кыргызстандын жарандарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматка орношуу процесси тууралуу ачык-айкындуулугун жана маалымдуулугун жогорулатуу болгон. Студенттер мамлекеттик кызматтын принциптери, кабыл алуу жана кызмат өтөө тартиби жөнүндө кеңири маалымат алышты, ошондой эле тесттик борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ошондой эле студенттер үчүн психологиялык тестирлөөнүн тартиби жана кадрларды тандоодо полиграфты колдонуу боюнча презентация уюштурулду.

Артка кайтуу