КРСУнун студенттери — дуйнелук экономика боюнча III эл аралык олимпиаданын лауреаттары!

КРСУнун студенттери — дуйнелук экономика боюнча III эл аралык олимпиаданын лауреаттары!

28 май 2025

Бөлүшүү:

2025-жылдын 16-майында Түркмөн мамлекеттик экономика жана башкаруу институтунун базасында дүйнөлүк экономика боюнча III Эл аралык ачык интернет олимпиадасы болуп өттү. Интеллектуалдык мелдешке Түркмөнстан, Россия, Беларусь, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Пакистандын 38 жогорку окуу жайларынан 135 студент катышты.

Кыргыз-Орус Славян университетинин атынан экономика факультетинин 2-курсунун студенттери катышты. Олимпиаданын жыйынтыгында КРСУнун үч катышуучусу жеңүүчүлөрдүн катарына кирди:

🔹 Элина Асанова — 2-орун

🔹 Сезим Абдиламитова — 3-орун

🔹 Султан Сыдыгалиев — 3-орун

Олимпиада эл аралык илимий өз ара аракеттенүү жана студенттердин дүйнөлүк экономикалык процесстерди талдоо боюнча практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн аянтча болуп калды.

КРСУ студенттеринин жетишкендиктери менен сыймыктанат жана аларга окуусунда жана илимий ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалайт.

Артка кайтуу